Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-апрели №3/1
Авлетим айылдык аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана сел алуу, суу ташкындоо коркунучтарынын алдын алуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Узенов Мендигулдун билдирүүсүн жана бул маселе боюнча айылдык кеңештин "Айыл чарбасы жана экологияны коргоо" маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (протокол № 12.04.2017 ж) ылайык, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана сел алуу коркунучтарынын алдын алуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Узеновдун маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү маалында колдо болгон техникаларды, шаймандарды айыл аймагынын жашоочулары тарабынан пайдаланууларына көз салып туруу менен турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө көмөктөшүү маселелерин өз убагында чечүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө айылдык өкмөтүнүн башчысы (Н.А. Абдыраманов) көңүлү бурулсун.
3. Сел жүрүүдөн жана суу ташкындоолорунан пайда болуучу коркунучтардын алдын алуу үчүн сел жүрүүчү кооптуу жайларга жана суу жээктерине жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарын алдын ала эскертүү иштерин жүргүзүү багытында иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин эсине алынсын.
4. Айыл аймагынын жамаат мүчөлөрүнүн жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү айдап себүү иштерин талаптагыдай аткаруу жана айдоо аянтарын бош калтырбоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу айылдык кеңештин депутаттарынын да милдеттери экендиги эске алынсын.
5. Сел жүрүүдөн жана суу ташкындоолордон улам өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда калктын ишке жарамдуу контингентин уюштуруу боюнча айыл башчыларына, айылдык депутаттар көмөктөшсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин " Айыл чарба жана экологияны коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга (А. А.Төлөбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |