Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-августу № 34
Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынын каты жана Кадамжай райондук салык инспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы,ОсОО «Адис Алай»проектерлердин услугалары,Айылдарга керектүү столбалар,Кара-Дөбө айылындагы селге, «Жоогазын» балдар бакчасына кошумча алынган 10 бала үчүн тамак аш жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айылдык кеңеши Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктук каттоо башкармалыгынын катын карап чыгып айыл чарба жоготуулары үчүн 70408сом 80 тыйын алынбай калган пайданын ордун толтуруу үчүн 12474,0 сом баары болуп 82882сом 80 тыйын акча каражаты бөлүнсүн.
2. Кадамжай райондук салык кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 70,7 миң сом подоход налогун керектүү статяларга жылдырылсын.
3. М.Таиров орто мектебинин жанына жаны түшүүчү спорт комплексинин проектисине 70 миң сом жана Кара-Жыгач айылына курулуучу спорт курулушун пректисине 70 миң сом акча каражаттары ОсОО «Адис алай» ЖЧК сына которуп берүү.
4. Кара-Дөбө айылында сел жүрүп ошол жерлерди тазалоо жана түзөө үчүн ЖИ Шеркозуев С аттуу ишкерге тиешелүү акча каражатын которуп берүү.
5. «Жоогазын» балдар бакчасына кошумча 10 баланын тамак ашынын акчасы которулсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |