Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-апрели №3/2
Жаңгактуу -Булак айылынын тургундарынын сунушуна жана "Социалдык" маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол №11, 14.04.2017жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңгактуу-Булак айылындагы Итагар суусунун жээгиндеги көчөгө эмгектин ардагери, маркум Абдырахманов Раманкулдун ысымы берилсин жана бул көчө "Абдырахманов Раманкул атындагы көчө" деп аталсын. Көчө Кербен -Авлетим багытындагы авто унаа жолунан түштүктөн түндүктү карай жүргөндө көпүрөгө чейин, андан ары Итагар суусунун жээги менен чыгыштан батышты карай Эшбаев Казыбектин жана Абдыкадыров Аскаралынын участкаларынан баштап түндүктөн түштүктү карай Кербен -Авлетим авто унаа жолу менен чектешет.
2. "Абдырахманов Раманкул атындагы көчө" деген көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү боюнча иштерди жүргүзүүдө айыл өкмөтүнө ыктыярдуу түрдө көмөктөшүү Абдырахманов Раманкулдун уулу Абдырахманов Шайырбекке сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Авлетим айыл өкмөтүнө (Айыл өкмөт башчысы Н.А. Абдырамановго) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |