Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы №8/2
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык аймактагы малдарды дарылоо жана уйларды идентификациядан өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ищтер боюнча Авлетим айылдык өкмөтүнүн мал чарба адиси А.Б.Токобаевдин жана айылдык кеңештин "Айыл чарбасы жана экологияны коргоо" маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. А.Төлөбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айылдык аймактын калкынын малдарын профилактикалык дарылоо иштерин айылдык өкмөттүн алдындагы "Ветеринардык сервистин" ветеринар врачтары К.Абдыкеримов, Маманов А., Токтосунов Ж., Токобаев А., Кожомкулов У. жургузушот. Бул дарыгерлердин бардыгынын тийиштуу адистиктери жана тажырыйбалары бар.
Айылдьж аймактагы 4416 баш кара мал, 1455 баш жылкы, 13046 баш кой, 2692 баш эчки, 7372 баш үй канаттуулары, 536 сандагы аары челек, 135 баш эшек, 950 баш иттер ветсервистин дарыгерлери тарабынан тейленүүдө.
Ветеринардык дарыгерлер быйылкы жылда бул малдарды тиешелүү болгон профилактикалык дарылоодон өз убагында өткөрүү менен айылдык аймакта эпизоотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде элге кызмат кылышууда.
Ушундай эле 2017- жылдан баштап, Республика боюнча атайын мыйзамдын негизинде -милдеттүү түрдө киргизилген уйларды идентификациялоо өнөктүгүн жүзөгө ашыруу боюнча ишти да ветеринардык дарыгерлер талапка ылайык жүргүзүшкөндүгүн баса белгилөөгө болот. Айылдык өкмөт тарабынан каттоого алынган 2253 баш уйга биркалар тагылып, атайын каттоого алынган.
Бирок, аткарылып жаткан иштер менен бирге ветсервис тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер да орун алган.
Алсак, профилиактикалык дарылоо иштерин жүргүзүүдө, оорулардын түрлөрү боюнча эмдөөлөргө малдар толук камтылбай калгандыгы ветсервистин берген маалыматтарынан көрүнүп турат. Алсак, кара малдардын каттоодогу 4416 баштын 3740 башы сибирь жарасына , 3680 башы эмкарга, 3700 башы яшурга (шарпка) каршы эмдөөдөн өткөн. Ал эми элдеги малдын санына алып караганда аткарылган эмдөөлөр жетишсиз болуп саналат. Жандыктар боюнча алып карасак, кой эчкинин каттоодогу саны 15738 баш болсо, эмдөөнүн түрлөрү боюнча алганда эң көбү 10000 баш кой- эчки гана сибирь жарасы боюнча эмдөөдөн откон.
Бул 63,5% ти түзөт, Яшурга каршы 6850 баш (43,5%) жандык эмдөөдөн өткөрүлгөн. Ал эми оспага каршы5400 баш (34,3%) гана эмделген. Бул цифралар көрсөтүп тургандай ветсервис тарабынан жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер талаптагыдан төмөн экендигин айгинелеп турат.
Мындай фактыларды малдын башка түрлөрү лсана оорулардын түрлөрү боюнча анализдөө жүргүзүлсө, өтө орчундуу кемчиликтерге башкача айтканда малдардын арасындагы оорулардын таркап кетүү коркунучу тобокелге салынганы келип чыгат.
Уйларды идейтификациялоо өнөктүгү талаптагыдай деп айтууга болбойт. Анткени, калктын колундагы уйлардын белгйлүү сандагы бөлүгүнө бирка жетпей калган.
Айылдык аймактын калкынын малдарын алдын ала эмдөө иштеринин уюштурулушунун абалын көзөмөлдөө, тескөө жана жана ветеринардык сервистин ишин талаптагыдай уюштурулушун камсыз кылууда айылдык өкмөттүн мал чарба адиси (Токобаев А.Б.) тийиштүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгын айылдык кенештин сессиясы баса белгилейт.
Жогорудагы белгилегендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагындагы калктын малдарын профилактикалык дарылоо жана уйларды идентификациялоодон өткөрүү боюнча айылдык өкмөттүн алдындагы ветеринардык сервистин дарыгерлери тарабынан иштер менен катар бир топ кемчиликтерге жол берилгени белгиленсин.
2. Ветеринардык кызмат ишин уюштурууда орун алган төмөндөгү: Ветеринардык сервистин ишин юридикальж жактан мыйзамга ылайык келтирүү.
Профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүүдө айылдык аймактагы малдарды болушунча толук камтуу.
Калктын малдарын каттоого алууда накталай бар малдарды түрлөрү боюнча толук каттоо иштерин жүргүзүү.
Патентти жана тийиштүү уруксат документи жок адамдардын мал дарылоого уруксат бербөө, тыюуга алуу.
Ветеринардык сервистин дарыгерлери иштоочу жай менен камсыздоо.
Дары -дармектерди талаптагыдай эрежеге ылайык сактоо боюнча шарттарды тузуу.
Айылды аймакта "ветеринардык аптека" ачуу сыяктуу кемчиликтерди четтетүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү Авлетим айылдык өкмөтүнө (башчысы Н.А. Абдыраманов) милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндө маалыматты 2018- жылдын 1- майына карата айылдык кеңештин сессиясына берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендири л син.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин " Айыл чарбасы жана экологияны коргоо" маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Төлөбаев А) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |