Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-январы №8/3
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын 2017-жылдын 28-январындагы " Авлетим айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү" № 2/2 жана "Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" жайытты башкаруунун 2017-жылдагы планы жөнүндөгү" № 2/4 токтомдорунун негизинде Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында XCMGLW 500FN жүктөгүчүн сатьш алуу үчүн өздүк салымдарды чегерүү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
1.1. Авлетим айылдык өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетинин 3112-"Айыл чарба шаймандарын сатып алуу" беренеси боюнча 785,0(жети жүз сексен беш) миң сом;
1.2.Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасы боюнча 80,0(сексен) миң сом; -,
Баардыгы 865,0(сегиз жүз алтымыш беш) миң сом.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн каражаттарды Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" гранттык эсебине өз убагыпда которуу Авлетим айылдык өкмөтүнүн башчысы Н. Абдырамановго жана "Жайыт пайдалануучулар бирикмесишш" төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин "Бюджет жана экономика" маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Назаралиев Ж) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |