Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы №8/6
Авлетим айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча адиси М. Узеновдун билдирүүсүн угуп, Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары, жергиликтүү жамаат мүчөлөрү айыл аймагында 2017- жылдын 24 -апрелинен тартьш нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында жүргөн селдерден жана Мукур, Итагар жана Авлетим сууларынын денгээлинин көтөрүлүшүнөн улам пайда болгон коркунучтарды четтетүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүшкөн.
Суу жээктерин бекемдөө, үйлөрдү, жолдорду каптаган жерлерди бекемдөө иштерин аткарышкан.
Итагар суусундагы көпүрөлөрдү бекемдөө, Авлетимдеги огородцорду алып кетүү коркунучтарын четтетүү үчүн Итагар суусунун жээгин таштар менен тосуп, суунун нугун буруу, Товар-Сай айылындагы суу жеп кеткен жолдорду шагалдоо иштерин аткарышкан.
Ал эми Итагар жана Авлетим сууларынын ташкындап көбөйүшүнөн улам, Авлетим, Арал, Байкашка-Терек айылдарындагы турак жайларга коркунуч туулгандан улам, айыл аймагында өзгөчө абал жарыяланып, областтык өзгөчө кырдаалдар кызматынын техникалары тартылып, бир жумадан ашык, абалды оңдоо багытында иш жүргүзүлгөн.
Жалпысынан түзүлгөн кырдаалды нормалдуу абалга келтирүү үчүн 30 метр суу жээгине 15 селпая байланган, 100 рейс аска таш, 65 рейс шагыл таш төшөлүп, бул иштерди аткаруу үчүн жүктөгуч 72 саат бою иштеген. Бул жумуштарды аткаруу үчүн 700 миң сомдук каражат сарпталган.
Айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштердин сапатын жана тууралыгын иликтөө максатында айылдык кеңештин депутаттарынан өкүлдөр иш жүргүзгөн жерлерди көрүп чыгышкан. Депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Абдиев А.С., Төлөбаев А.А., Сатыбалдиев М.М., Жолдошов К.О. кирген.
Депутаттык комиссия сел коркунучтарын четтетүү жана өзгөчө абалды турукташтыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалына баа берген. Алар жеринде болуп, жашоочулар менен жолугушуп, аткарылган иштердин тууралыгы боюнча маалыматтарды алышкан.
Депутаттык комиссиянын маалымдамасында белгиленгендей, айыл өкмөтүнүн адиси билдирген маалыматтардын айрым көрсөткүчү факты боюнча аткарылган иштерге дал келбеген учурлар бар экендигин жана аткарылган жумуштарды сапаттуу бүтүрүүдө инженердик-техникалык көз караштын жетишсиздигин, андан улам тосулган суу жээктерин кайрадан бузуп кеткен фактылардын орун алгандыгын сессия белгилейт.
Айыл аймагында түзүлгөн өзгөчө абалды турукташтырууга райондун жетекчилиги да активдуу катышкандыгын белгилөөгө болот.
Алар техникадан жана каражат жагынан жардамдарды берген.
Раймамадмиңистрация 30,0 миң сом , райоңдук мёкеме, уюм, ишканалар 54,3 миң сом. Областтык өКүлчүлүк 80,0 миң сом акчалай жардамдарды беришкендигин сессия баса белгилейт.
Айыл аймагынын калкы да өздөрүнүн жардамдарын беришкен.
Мектептердин кызматкерлери болжол менен 12,0 миң сом акчалай жардам кылышкан. Көпчүлүк адамдар кол кабыш кылуу менен көмөк көрсөтүшкөн.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагында сел коркунучтарынын кесепеттерин жоюу, суунун денгээлинии көбөйүшүнөн улам түзүлгөн өзгөчө абалды турукташтыруу боюнча Авлетим айыл өкмөг тарабынан түзүлгөн штабдын иштеши жана аткарылган иштердин жыйынтыктары туурах айыл өкмөтүнүн башкы адиси М. Узеновдун билдирүүсү көнүлгө алынсын.
2. Селдин жана суу ташкындарынын коркунучтарынын алдьш алуу боюнча иштерди мынд; ары да системдүү түрдө жүргүзүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Селден жана суу ташкындоолордон улам түзүлгөн кырдаалды калыбына келтирүү боюнч; сарпталган 700,0 (жети жүз) миң сомдук чыгымды айыл өкметүнүн бюджетиндеги 460,0 (торт жүз алтымыш) миң сомго кошуп, Жалал-Абад областтык өкүлчүлүктөн берилүүчү 80,0 (сексен) миң сом, раймамадминистрациядан берилүүчү 30,0 (отуз) миң сом, райондо] ыктыярдуу берилген 54300,00 (элүү төрт миң үч жүз) сом, айыл аймагындагы мекемелер кызматкерлери тарабынан берилүүчү болжол менен 12,0 (он эки) миң сом акча каржаттарын жана башка акчалай жардамды эсепке алуу менен жыйынтык чыгарып, айылдык кеңештин депутаттарына кийинки сессияда маалымат берүү Авлетим айьш өкмөтүнүн алдында түзүлгөн штабдын жетекчиси А.Осмоналиевден жана айыл өкмөтүш башкы адиси М. Узеновдон талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин "Айыл чарба жана экологияны коргоо" маселелери боюнча туруктуу комиссияга (төрасы Төлөбаев А.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |