Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы №8/1
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы Түндүк участкасындагы “Барит” ташын жардырып казууга макулдук берилсин.
2. 2017-жылга “Сан-Хе” фирмасы менен түзүлө турган келишимди (соц. пакетти), мурунку түзүлгөн келишимдеги (соц. пакеттеги) аткарылбай келген иштерди, макулдашуу жолу менен бүткөндөн кийин, токтом күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын, келишимди түзүп, бүткөрүү айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинен чыккан токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |