Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу №10/2
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин кыскача коомдук уюмдарды бириктирүү жана муниципалдык ишкана түзүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин маалыматын канааттандырып, айыл аймагындагы коомдук уюмдарды бириктирип, муниципалдык ишканасын уюштуруп бүткөрүү жагы 01.01.2018-жылга чейин бүткөрүү жагы белгиленсин.
2. Коомдук уюмдардын иш кагаздарын, кириш-чыгыш юридикалык документациясын 31-декабрь 2017-жылга чейин тактап бүткөрүп берүү жагы коомдук уюмдардын башчыларына, эсепчилерине милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Жаңы түзүлө турган муниципалдык ишканасынын Устав, Жоболорун айыл өкмөтүнүн башчысы, жооптуу катчы, ФЭБ башчыларына иштеп чыгуу жана облустук юстициядан өткөрүү жагы тапшырылсын.
5. Бул токтомду көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, коомдук уюмдун башчыларына, ФЭБ башчысына, туруктуу комиссияга