Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу №10/3
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмотүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун 2017-жылдагы 6 айда аткарып келген иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жана муниципалдык менчик боюнча Н.Осмоновдун 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл кыштактардагы тургундарга берилген аренда жерлерин тактап, келишимдерди тактоо жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы жаштарга турак жай курууга бериле турган жерлер трансформацияланып, мыйзам чегинде берилерин түшүндүрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңешинде түзүлгөн туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, айыл башчыларга, Н.Осмоновго, туруктуу комиссияга.