Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу №10/6
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары И.Бейшеев, Б.Асакеев жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына Райымкулов Чолпонбек көрсөтүлсүн.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине сунушталып көрсөтүлгөн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар кеңешинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына.