Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры №11/3
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, “Шиш-Чоку” СПАнын, “Ортон” СПАнын башчыларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамшы айылынын “Шиш-Чоку” СПАнын башчысы У.Казыбековдун 2017-жылда аткарган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. “Шиш-Чоку” СПАсы алган кредиттин төлөнүшүн колго алуу, аны аткаруу жагы башчысы У.Казыбековго милдеттендирилсин.
3. Кум-Дөбө айылындагы “Ортон” СПАнын башчысы М.Төлөнбековдун 2017-жылдагы аткарган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
4. Жогорудагы “Шиш-Чоку”, “Ортон” СПАлары алган кредиттеринин төгүлгөнүн аныктап, калган кредиттерин жылдарга бөлүп төгүү жагы СПАнын башчыларына жана эсепчилерине милдеттендирилсин.
5. Көзөмөлгө алуу жана аткарууну талап кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, СПАнын башчыларына, айыл өкмөтүнө