Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры №11/4
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси К.Курманаливанын 2017-жылдын 9 айлык салыктын түрлөрүнүн чогулушу жана 11 айда аткарылган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси К.Курманаливанын 2017-жылдын 9 айында жана 11 айында аткарган иштерин “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Жыл аягына чейин салыктын түрлөрү боюнча аткарылышын колго алуу, ашык огороддорду салыкка тартуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун толук аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, ФЭБ башчысына, К.Курманалиевага.