Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры №11/5
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун 2017-жылдагы аткарган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кум-Дөбө айыл өкмотүнүн аймагындагы айыл-кыштактардагы айыл тургундардын менчик огороддору, айыл башчылар жана салык инспекторлор менен бирдикте такталып, ашык огороддордун санын, жерин тактоо, огород салыктарына тартуу жагы тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтү боюнча жаштарга берилүүчү огород алуучулардын тизмесин тактоо, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолгө алуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, айыл башчыларга, Н.Осмоновго, салык инспекторлорго