Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры №11/6
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Жукешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда түзулгөн келишим бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылда аткарган иштери жана чабандар менен түзулгөн келишимдерди өз убагында бүткөндүктөн иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
3. 2017-жылда жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен мал баккан чабандардын ортосунда түзүлгөн келишимде айрым чабандарга акт менен салынган штрафтын, айыл өкмөтүндө түзүлгөн административдик чара көрсөтүү боюнча түзүлгөн комиссиянын иштеринде кетирилген кемчиликтер эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, туруктуу комиссияга.