Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры №11/7
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси К.Курманалиеванын айыл чарба багытындагы жер салыгынын, жайыт салыгынын жана жайытка өзгөртүүлөр болгондугу жөнүндө маалыматты айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясына билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис К.Курманалиеванын айыл чарба багытында жер салыгын пландалган дыйкан чарба, жер салыгы 343586 сом, ФПСтин салыгы 35481 сом жана жайыт салыгы 154998 сом. Баары-534065 сом болуп калтырылсын.
2. Айыл өкмөтүндөгү жайыттын планы боюнча 500 миң сом туура эмес коюлгандыктан, мунун ичинен жайыт жер салыгы 154998 сом жана жайыт жыйымына 345002 сом болуп бекитилсин.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн токтомдогу жайыттын планын карап берүү жагы Кочкор райондук Казына бөлүмүнүн башчысы Т.Калчаевден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, туруктуу комиссиясына.