Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июлу №5
Учкун айылындагы «Суук капчыгай», СООППВ га жер аянтын жана мүлкүн бөлүп берүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айылындагы «Суук капчыгай», СООППВ га 2016-жылдан бери баштап 4624 (төрт миң алты жүз жыйырма төрт) чарчы метр жер аянты жана мүлкү бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянтынан, мүлкүнөн ижара акы алынбай турганы белгилинсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы К. Мамырбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп w.w.w uchkun.naryn-region.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттин реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э. Исмаилов |