Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу №6/1
2017-жылга карата «Куланак таза суунун» бюджетин бекитүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата «Куланак таза суунун» бюджети бекитилсин.
1.1 Эмгек акы 90 000 (токсон миң) сом
1.2 Соц фонд 15 525 (он беш миң беш жүз жыйырма беш) сом
1.3 Салык төлөмдөрү 8500 (сегиз миң беш жүз) сом
1.4 Ремонт иштерине 40 000 (кырк миң) сом
1.5 Башка чыгымдар 4500 (төрт миң беш жүз) сом
1.6 Концелярдык товар 2000 (эки миң) сом
Баары: 160 525 (жүз алтымыш миң беш жүз жыйырма беш) сом
2. Таза сууну үйүнө киргизип алгандарды тактап чыгуу үчүн төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.
2.1 Мамырбаев Касымакун өкмөт башчы- комиссиянын төрагасы
2.2 Исмаилов Эсенбек –айылдык кеңештин төрагасы- комисиянын мүчөсү
2.3 Ибраева Назира – таза суунун төрайымы – комиссиянын мүчөсү
2.4 Нурдинов Таалай – депутат- комиссиянын мүчөсү
2.5 Жумабаев Уланбек – депутат – комиссиянын мүчөсү
3. 2016-жылдын ноябрь айына чейин таза сууда иштеген ӨКМ адиси Э. Солтоналиев таза суунун чогултулган акчасы канча чогултулду, каякка жумшалды толук отчëтун айылдык кеңештин депутаттарына тактап берсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп w.w.w uchkun.naryn-region.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттин реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э. Исмаилов |