Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-октябры № 40
Кара-Дөбө айылындагы курулушу бүткөн балдар бакчасынын ишке берилиши жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин Кара-Дөбө айылындагы балдар бакчасынын курулушунун бүткөндүгүнө байланыштуу Кара-Дөбө айылындагы балдар бакчасын ачуу жана Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Нурматова Анархан Султановнанын атын ыйгарууну талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Дөбө айылындагы балдар бакчасынын аты «Анар Кара- Дөбө» атындагы болуп бекитилсин жана балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап,каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |