Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу №6/3
Арыз, даттануулар, кайрылууларды угуп жана талкуулап Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Кулан» жаштар уюмуна берилген 11 (он бир) пролëт каркастын 6 (алты) пролëтуна баш тартуу жазып берсе, эки тараптуу келишимдин негизинде Бейшекеев Жоламан көмүр түшүрүү үчүн 6(алты) пролëтко тиешелүү документтерин бүткөрүп алуу өзүнө милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы К. Мамырбаевге милдеттендирилсин.
2. Акбаев Алмас 1989-жылдан бери өздөштүрүп алган 0,25 га огороду менчигине бектилип берилсин.
3. а) Куланак айылындагы спирт ичимдиктерин сатпоо боюнча чектөө коюлсун кечки саат 18:00дөн эртен мененки саат 08:00гө чейин сатылбасын.
б) 18 жашка чейинки улан кыздарга спирт ичимдиктери, тамеки, насвай сатылбасын.
в) Мектеп, бала бакчадан 100 (жүз) метрге чейин спирт ичимдиктери, тамеки сатылбасын.
г) Соода түйүндөрүнүн ичинде спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынсын.
4. Суунун басымы туура келсе Совет көчөсүнүн тургундары өз каражаттарынын эсебинен таза суу чыгарганга уруксаат берилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп w.w.w uchkun.naryn-region.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттин реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э. Исмаилов |