Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу №7
Куланак айылындагы шагыл төшөлбөгөн ички жолдорго шагыл төшөө боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куланак айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө иштери айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 100 000 (жүз миң) сом каражатынын эсебинен төшөө иштерин убагында бүткөрүү үчүн автотранспортко шагыл жүктөө Учкун айыл өкмөтүнүн балансасындагы ЮМЗ-6 эксковатору жана фронтальный ZL 939 Е маркасындагы погрузчик ишке тартылсын.
2. Шагыл тартуу атайын уруксаты (потент) бар самосвал транспорт ээлери менен эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Жолдорго шагыл төшөө иштерин көзөмөлдөп аягына чейин бүткөрүү жана бүткөрүлгөн жумуштун отчëтун берүү айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
4. Куланак айылынын жолдоруна шагыл төшөө боюнча комиссиянын отурумунун №1 протоколу 26.06.2017-жылы бекитилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп w.w.w uchkun.naryn-region.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттин реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Э. Исмаилов |