Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы №3/1
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы №63-б буйругунун жана Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы №32 буйруктарынын негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжержолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ача-Кайыңды айыл аймагынын Ача-Кайыңды калктуу конушунун жалпы аянты 330 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. “Кыргызмамжержолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ача-Кайыңды айыл аймагынын Ача-Кайыңды калктуу конуштарынын жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу көрктөндүрүү энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мурзалиев А |