Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры №3
Дыйкан айылдык А.Капаров атындагы орто мектебинин директору А.Мурзакматованын мектептин жаңы имаратын курууга жер бөлүп берүүнү сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү Дыйкан айылдык А.Капаров атындагы орто мектебинин жаңы имаратын курууга эски мектептин жанынан жер бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин мыйзам чегинде камсыз кылып берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жана турак-жай адиси М.Абдрахмановго тапшырылсын.
Төрага | К. Иманкулов |