Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №1
Кара-Суу айыл өкмөтөнөн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Шаршеналы уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясынын токтомуна ылайык 2017-жылдын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 550 000 (беш жүз элүү миң) сом менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтөнөн Жайыт комитетинин 01.01.2017-жылга карата жайытка мал жаюу күнүнүн узактыгы 280 күн, жайыт акы бодо мал үчүн 40 сом, төлү 28 сом, майда жандыкка 8 сомдон жана сырттан келген малдардан бодого 80 сом, төлүнө 56, кой-эчкиге 16 сомдон бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин башчысы А.Шаршеналы уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |