Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №3
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын Супа-Булак бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовдун маалыматынын негизинде Кеңештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгү 436 620 (төрт жүз отуз алты миң алты жүз жыйырма) сом менен бекитилсин.
2. Айылдык мончолорго водомер коюу үчүн уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткарууну камсыз кылуу жагы бирикме жетекчиси М.Тентимишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |