Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №7
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Үшүмбаевдин маалыматына ылайык айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жерлерди аукционго коюу жана баштапкы баасын аныктоо максатында айылдык Кеңештин агрардык тармагындагы депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусунда төмөндөгүдөй комисиянын курамы түзүлсүн:
1. А.Өзгөрүш уулу- агрардык комитеттин төрагасы, комиссиянын төрагасы
2. К.Молдажиева-жооптуу катчы, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Ш.Кабаев-башчы
4. М.Өмүрзаков- агрардык тармактын мүчөсү
5. Ж.Иманкулов- айылдык Кеңештин төрагасы
6. М.Абдрахманов- турак жай адиси
7. К.Шааев- Дыйкан айыл башчы
2. Аукцион өткөрүүдө аукциончу болуп айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Үшүмбаев дайындалсын.
3.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге жүктлсүн.
Төрага | Ж. Иманкулов |