Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №8
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин сунушунун негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 3-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы бардык жер салыгын төлөөчүлөр- бардык салыктарды ээси тарабынан банкка төгүлүшү керек экендиги жөнүндө кенири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Мүмкүнчүлүккө жараша айыл өкмөтүнө төгүлүүгө туура келген учурда 100 (бир жүз) сомго чейинки төгүлгөн сумма үчүн 10 (он) сом, ал эми 100 (бир жүз) сомдон өйдө төгүлгөн суммага 20 (жыйырма) сомдон ашыкча кармалып, төгүүнү тастыктаган квитанциясын ээсине кайрып берүү жагы салык кызматкери В.Касымбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Иманкулов |