Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты №4
Кара-Суу айылына Карасартова Сайнаке жана Жунусова Раянын жер үлүшүнө болгон укук аныктоочу документтери жок болгондуктан жер үлүшүнө болгон жеке менчик укугун таануу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Үшүмбаевдин маалыматынын негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 4-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочулары Карасартова Сайнакеге 2,0 га жана Жунусова Раяга 0,70 га жер үлүштөрүн алып бирок ушул убакытка чейин укук тастыктоочу документтер менен камсыз болбой калгандыктан жер үлүштөрүнө болгон жеке менчик укуктары таанылсын.
2. Тиешелүү документтери менен камсыз кылып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Үшүмбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |