Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-октябры № 42
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан курулуучу жана курулган объектилер жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан – Ак-Гоорум суу түтүктөрүнүн проектисине 390 000 (үч жүз токсон миң) жана эксперттик проектисине 42 000 (кырк эки миң) сом, Майдан айылындагы спорттук залдын проектисине 70 000 (жетимиш миң) сом жана эксперттик проектисине 22 000 (жыйырма эки миң) сом жалпы 92 000 (токсон эки миң) сом, Таиров атындагы орто мектептин эксперттик проектисине 22 000 (жыйырма эки миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2. Кара-Дөбө айылындагы ФАПтын эки канаасын оңдоп-түзөө иштерине сметада көрсөтүлгөн 131 489 (бир жүз отуз бир миң төрт жүз сексен тогуз) сом жана Кара-Дөбө айылындагы балдар бакчасынын кошумча аткарылган иштерине (сырттагы ажаткана, бөлмөлөрдү бөлүү ж.б.у.с.) сметада көрсөтүлгөн 225 113 (эки жүз жыйырма беш миң бир жүз он үч) сом төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |