Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты №5
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 4-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арис тарабынан проектинин негизинде келген техниканын (погрузчик) өздүк салымына каралуучу акча каражатын 01.01.2017-жылга калган калдыктын 3112 статьясынын 31121290 элементинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты АРИС тарабынан өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган ОсОО HOWA CENTRE менен түзүлгөн келишимдин негизинде которулуп берилсин.
2. Аталган каражатты которууда керектүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевден суралсын.
3. Погрузчиктин - айдоочусуна Сулайман уулу Тилек бекитилсин. Кызмат көрсөтүү акылары- саатына 10 л май, 500 сом менен иштөөнү камсыз кылсын. Коммерциялык багытка- жүктөө ХОВА 700сом, КАМАЗ 500 сом, ЗИЛ 300 сом, ГАЗ-53 200 сомдон. Элге- өздүк жумуш жүктөө ХОВА 600 сом, КАМАЗ 400 сом, ЗИЛ 250 сом, ГАЗ 53 150 сомдон. Айдоочуга айлык акы көрсөтүлгөн тарифтердин 30% төлөнсүн.
4. Эрежеге ылайык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу жагы Сулайман уулу Тилекке милдеттендирилсин.
5. Погрузчиктин кызмат көрсөтүү акыларынан түшкөн каражат жайыт комитетинин бюджетине түшүрүлүп, погрузчиктин техникалык абалынын сакталышы жана чгымдалышын жайыт комитетинин бюджетинен кароо жагы Шаршеналы уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |