Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты №8
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 4-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын тургуну Акматалиев Жапардын огородундагы 2 (эки) түп терек карып, куурагандыгына байланыштуу кыркууга уруксат берилсин.
2. Кыркылган теректердин ордуна жаңы терек отургузуу жагы Ж.Акматалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |