Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели №4
Кыргыз Республикасынын "Жергиктүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 2212 "Коммуналдык кызматар жана байланыш кызматтары" беренесине ылайык Октябрь айылынын 16.04.2017-жылдагы жалпы элдик жыйынын карап жана талкуулап Кашка-Жол айыл аймагынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь "Өмүр-Булак" ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2017-жылга сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү 473.3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ичүүчү таза суу үчүн тариф ар бир түтүнгө 100 сомдон, үйгө киргизгенге 150 сомдон бегиленип бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Октябрь "Өмүр-Булак" ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы А. Каримовко тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |