Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-октябры № 43
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчалары жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач жана Кара-Дөбө айылындагы жаңыдан курулган балдар бакчаларына тиешелүү эмеректерди алып берүү үчүн акча каражатын ажыратуу. Эмеректер: муздаткыч, электроплита, шкаф, диван, стол, стул, ашканага керектелүүчү идиш-аяк, буюмдар, кир жуугуч машина ж.б.у.с.керектүү буюмдар алынып берилсин.
2. Исфайрам айылындагы чатыры жабылып, бүгүнкү күндө курулушу токтоп турган балдар бакчасына айыл өкмөтүнүн жетиштүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Жыгач жана Кара-Дөбө айылындагы жаңыдан курулган балдар бакчасына, балдардын тамак-ашына кеткен чыгымдардын 50% айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулган балдар бакчасынын өз ишин мыйзам чегинде баштоого айылдык кеңеш тарабынан макулдук берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин туруктуу бюджет жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |