ТоктомКүчүндө

Кашка-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы №8/4 «Кашка-Жол айыл өкмөтүндөгү Октябрь айлындагы ФАПка Жорокулов Закирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому

Редакция03.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кашка-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясынын жыйыны (VI шайланган)

 

2017-жылдын 3-ноябры №8/4

Кашка-Жол айыл өкмөтүндөгү Октябрь айлындагы ФАПка Жорокулов Закирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесине негиз Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын “02”.17. 2017-жылдагы № 30 Протоколу боюнча Октябрь айылынын айыл башчысы, А.Эрмекбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын “02”.17.2017-жылдын № 30 протоколу бекитилсин.

2. Октябрь айылындагы ФАПка Жорокулов Закирдин ысымы ыйгарылсын.

3. Жорокулов Закирдин атындагы ФАПтын ал абалын карап көзөмөлдөп туруу жагы З.Жорокуловтун балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын Октябрь айылынын айыл башчысы А.Эрмекбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Оморов