Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №11
«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө аталган мекеменин жетекчиси А.Наватованын отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 17-июнундагы №7-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер жана сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу үчүн атайын Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан турган комиссия түзүлсүн.
2. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү депутаттык комиссия тарабынан текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгын жана мекеменин отчетун угуу маселеси Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясында каралсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |