Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №12
А. Сүйүнбаев атындагы шаардык стадиондун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө аталган стадиондун жетекчиси А.Сулаймановдун жана Ош шаардык Кеңешинин социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Сүйүнбаев атындагы шаардык стадиондун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө аталган стадиондун жетекчиси А.Сулаймановдун жана Ош шаардык Кеңешинин социалды-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун маалыматтары эске алынсын.
2. А.Сүйүнбаев атындагы шаардык стадиондун жетекчиси А.Сулаймановго стадиондун аймагын тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, стадиондун мейманканасын тартипке келтирүү жана өз багытында пайдалануу;
-биринчи кезекте оңдоп-түзөөнү, курууну талап кылган обьекттердин тизмесин түзүп, аларга кетүүчү чыгымдардын сметасын эсептеп чыгып, шаардык мэриянын кароосуна киргизүү;
-машыгуу үчүн стадионго келип жатышкан жеке адамдар үчүн акы төлөө өлчөмүнүн калькуляциясын иштеп чыгып, монополияга каршы кызматы менен макулдашып, акча иштеп табууну жолго коюу;
-стадиондун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуу, ар кандай долбоорлор менен иш алып баруу;
-ижара акы катары түшкөн акча каражаттарын стадиондун абалын жакшыртуу боюнча түз багытта иштетүү;
-массалык иш чараларды өткөрүүдө адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдын түзүлүшүнө жол бербөө жана жалпы коопсуздукту камсыздоо боюнча иш чараларды такай жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) стадиондун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу;
-стадиондо ар кандай иш-чараларды өткөрүп, акча каражатын табууга колдоо көрсөтүү;
-стадиондун жетекчилигинин сунушу боюнча биринчи кезекте оңдоп-түзөөнү, курууну талап кылган обьекттердин тизмесин карап чыгып, алардын приоритеттүү деп эсептелгендери үчүн каражат булактарын издөө тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |