Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №14
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 26-июлундагы «Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Татар», «Мээркан» жана «Качыбек» айылдарынын сырткы чек ара сызыктарын «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош областык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан планга ылайык белгилөөгө макулдук берүү жөнүндөгү» №291/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 29-июлундагы №17-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу «Татар», «Мээркан» жана «Качыбек» айылдарынын сырткы чек ара сызыктарын «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош областык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан планга ылайык белгилөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |