Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №19
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларын шайлоо жөнүндөгү туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарынын протоколдорунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Батыров Акбарали Таштанович,
Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Рашев Нурмат Турдуполотович,
Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Раимбердиев Расулберди,
Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Осмонов Ашим Алымович,
Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Шоноев Бакыт Курманбекович,
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Каримбеков Абдисаит Момунбаевич бекитилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |