Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №21
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 64- жана 66-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин Президиуму түзүлсүн.
2. Ош шаардык Кеңешинин Президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:
Ормонов ЖапарбекТуратович - Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Зулимов Шакир Мулашевич - Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
Каналиев Бактыбек Эркинович - Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
Туленбаев Эмиль Советбекович - Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
Атабаев Даниярбек Суйунович - «Мыйзам жана ыйман» көпчүлүк коалициясынын башчысы
Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич - Кыргызстан социал-демократтар партиясы фракциясынын башчысы
Орумбаев Медербек Аманович - «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын башчысы
Байгазаков Алимжан Топчубаевич - «Бир бол» фракциясынын башчысы
Омуралиева Эльмира Бакировна - «Кыргызстан» фракциясынын башчысы
Батыров Акбарали Таштанович - «Республика-Ата-Журт» фракциясынын башчысы, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
Каримбеков Абдисаит Момунбаевич -«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы
Раимбердиев Расулберди - мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
Рашев Нурмат Турдуполотович - архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
Осмонов Ашим Алымович - социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
Шоноев Бакыт Курманбекович -транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |