Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №22
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 4-мартындагы №8, 2016-жылдын 13-июнундагы №2, 2016-жылдын 12-августундагы №7 жана 2016-жылдын 17-августундагы №8-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2016-жылга бекитилген бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-800,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын чатырын оңдоп-түзөөгө;
-709,9 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы экономикалык байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агентигинин, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жана Ош шаардык мэриясынын алдындагы автогараждын кызматкерлеринин социалдык-тиричилик маселелерине материалдык жардам катары.
2. Ош шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинде Ош шаардык аскер комиссариатына каралган 3 522 600 сом акча каражатынын эсебинен 837800 сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаардык топтоо пунктун 2016-жылдын 1-июлунан жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2016-жылдагы бюджетинин сметасында каралган акча каражатынын эсебинен социалдык кызматкерлердин социалдык сумкаларын сатып алууга керектелүүчү акча каражатын жана Ош шаардык Кеңешинин кызматтык кааналарынын жылытуу-системаларын оңдоо үчүн 69640 сом акча каражатын таап, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Сатиш кызы Орозбүүнүн «Кыргыздардын аба-ырайына карата мамилелери» жөнүндөгү китебин чыгаруу үчүн 50,0 миң сом акча каражатынын каржылоо булагын аныктоо жагы сунушталсын.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |