Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №23
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-майындагы №169/08-6 Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасына бюджеттик ссудага алынган отканаларды Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 12-августундагы №5-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына бюджеттик ссудага алынган отканаларды Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын отканаларын Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна күрөөгө коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |