Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №25
Ош шаарынын жолдор башкармалыгына жолдорду оңдоп-түзөө милдеттери жүктөлүп жаткандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 13-майындагы «Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» №174/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-июнундагы отурумунун №4-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |