Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №29
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 22-июлундагы №285/08-6, 9-августундагы №313/08-6 жана №315/08-6 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы №5, 2016-жылдын 10-августундагы №21, 18-августундагы №26-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагында жайгашкан төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын тиешелүү мыйзамдарды, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттарды сактоо менен өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-Ош шаарынын №7 Алымбек-Датка аймактык кеңешинин Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан «Ата-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык 18557,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш» багытынан «көп кабаттуу турак жай» багытына;
-Ош шаарынын №1 Туран аймактык кеңешинин Ишматов көчөсүндөгү №152-1 дарегинде жайгашкан «Ош Ак-Таш» ачык акционердик коомуна таандык 51380,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш багытынан «жеке турак жай» багытына;
-Ош шаарынын №9 Амир-Темир аймактык кеңешинин 1-Культурная көчөсүндөгү №1А-1 дарегинде жайгашкан «Ош Ак-Таш» ачык акционердик коомуна таандык 3,3 га. жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш багытынан «жеке турак жай» багытына;
-Ош шаарынын Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин Ленин көчөсүндөгү №712-1 дарегинде жайгашкан Мамасидиков Нематыллого таандык 1024,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш» багытынан «турак жай» багытына;
-Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү номуру жок даректе жайгашкан Амат кызы Нурсулууга таандык 704,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «калкты тейлөө» багытынан «көп кабаттуу турак жай» багытына;
-Ош шаарынын №2 Достук аймактык кеңешинин Ленин көчөсүндөгү №2-1 дарегинде жайгашкан Исабаев Камчыбек Исламовичке таандык 500,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «жеке турак жай» багытынан «социалдык коомдук» багытына;
-Ош шаарынын №2 Достук аймактык кеңешинин Ленин көчөсүндөгү №2-2 дарегинде жайгашкан Исабаев Камчыбек Исламовичке таандык 980,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «жеке турак жай» багытынан «социалдык коомдук» багытына;
-Ош шаарынын №1 Туран аймактык кеңешинин Ишматов көчөсүндөгү №2б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2,92 га жер тилкесинин максаттык багытын «өнөр жай» багытынан «турак жай» багытына;
-Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы Жыгач заводунун жанында жайгашкан 16715,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өнөр жай» багытынан «турак жай» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |