Редакцияот 24.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (IV чакырылыш)

 

2016-жылдын 24-августу №32

Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндө

 

Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 17-августундагы «Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун куруу менен Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы отурумунун №24-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүнө велосипед жолун курууда Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун жана башка мыйзамдардын шарттарын толугу менен аткарылгандан кийин Нурматов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө, Проектная көчөсүн Ленин көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүчү жайларга дал келген 362 түп даракты кыюуга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Ормонов