Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 5-1
Бел айыл аймагынын калкын медициналык жактан тейлөөдө №19-22-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери иш жүргузүшөт. Уй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда 4 дарыгерп, 20 медицииналык кызматкерлер,8 кенже медициналык кызматкерлер,тез жардам бөлүмүндө 3 фельдшер,2 айдоочу 3 тиш дабагери эмгектенишет. Алар калктын саламаттыгын сактоодо,жугуштуу оорулардын алдын алуу багытында “Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча бир топ иш аракеттерди жасашкан.Калк арасында түшундүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө. Калк арасындагы оорулардын алдын алуу максатында айыл аймагындагы калктын төмөнкү катмарларына : пенсионерлер, талаада эмгектенгендер, мектеп окуучулары,5 жашка чейинки балдар,төрөт жашындагы аялдарга алдын ала кароолор жүргузүлгон. Мектеп окуучулары 97% ке чейин камтылган. Оорулуу окуучулардын саны табылган оорулардын өз убагында талаптуу денгээлде дарыланып көзөмөлдөнгөндугүнө байланыштуу 6,4% тен 3,1 %ке чейин аздаган.Гипертония оорусу менен ооруган жарандардын арасынан инфаркт жана инсульт болгондордун саны 1,4%тен 0,7 %ке чейин аздаган.өнөкө бронхит оорусу менен ооругандарга рецепт боюнча дарылар жазылып берилгендиктен, кабылдап кетүү аздаган. Калк арасында жүрөк кан тамыр оорулары,аз кандуулук ооруларынын көбүрөк таралгандыгы аныкталган. Негизги себеби адамдардын туура эмес тамактануусунан,кыймылдын аздыгынан жана стресстин көбөйүүсүнөн болуп жатат. Пневмания оорусу быйылкы жылы көп катталган . Жугуштуу оорулардын таралуусунун негизги себептеринин бири айылда таза суунун жоктугу. Аз кандуулуктун көп болуусу айылда көпчүлүк калктын туура эмес/ чайдын көп ичилүүсү/ жана жетишсиз тамактануусуна.жаш балдардын арасында мите курттардын көп таралуусуна байланыштуу. Калк арасында туберкуллез оорусунун азайбай жаткандыгы миграциянын жогору болуп жаткандыгы анткени 2017-жылдын 5 айында табылган 6 оорулуунун 4 өөсүу мигранттар. АИВ инфекциясы менен 8 жаран каттоодо турат. Бирөөсү дарылануудан баш тартып Россия Федерациясына кетип калган. Бирөөсү текшерүүдөн өтүүдөн баш тартат,бирок дарыларын өз убагында ичет. Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде жана ММК кошумча программасынын негизинде ооруларды дары-дармек менен арзандатып камсыз кылуу максатында жыл ичинде оорууларга рецептер жазылып берилет. Калк арасында 18 жолу лекциялар окулган,1305 жолу сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн,медициналык кызматкерлерге өтүлгөн сабактардын саны 10, чыгарылган сан бюллтендердин саны 10.
Жогоркулардын негизинде Бел айылдык кеңешинин ( алтынчы чакырылышынын ) бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Айыл аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөнүн сапатын жогорулатуу боюнчя № 19 жана № 22 үй-бүлөлук дарыгерлер топторунун эмгек жамаааты бир катар иштерди аткаргандыгы эске алынсын.
2. Калк арасында көп таркалуучу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кенири түшүндүрүү иштерин жүргузүү менен мектеп директорлору менен биргеликте окуучуларга бул багытта жат жазууларды жаздырууну колго алуу №19, 22 үй-булөлук дарыгерлер топторунун жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Кургак учук оорусунун алдын алуу боюнча чет өлкөлөрдө иштеп келген жарандар менен байланышты күчөтүп, аларды медициналык кароодон өткөртүүгө жардам көрсөтүү патранаждык мед кызматчыларга тапшырылсын.
4. Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча жаш энелерге үй-бүлөну пландаштыруу, төрөлгөн балдарды дени сак кылып, тарбиялоо боюнча семинарларды,жаш энелерге окууларды уюштуруу уй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун башчыларына жуктөлсүн.
5. Социалдык коргоого муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында, мыйзам чегинде иштетилишин камсыз кылуу айыл өкмөтунүн соц.кызматкери Эркебаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |