Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры №7/3
Айылдык Кеңештин жер маселери боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте Кыркол бөлүмүндөгү кайра бөлуштурүү фондунун жерлеринин иштетилиш абалы жөнундөгү маселени даярдоо боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыркол бөлүмүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин иштетилиш абалын текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун ижарага берилип пайдалануу мөөнөтү буткөн жерлери элдин суроо-талаптарын эске алуу менен жарандарга аукцион, ошондой эле конкурстук жол менен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түз сүйлөшүү жолу менен төмөнкүдөй тартипте берилсин.
1). Кыркол бөлүмү 7 гектарга чейин 3жылдан 5 жылга чейинки мөөнөт менен( салык жана соц.төлөмдөрдөн сырткары ижара акысы гектарына 1000 сомдон)
2). Адыр (Таш-Булак) участкасы 4 гектарга чейин 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөт менен (Салык жана соц.төлөмдөрдөн сырткары ижара акысы гектарына 1000 сомдон)
3). Бөксө бөлүмү 4 гектардан 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөт менен (салык жана соц.төлөмдөн сырткары ижара акысы гектарына 1000 сомдон)
4). Суулуу жер аянттары 0,40 гектардан 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөт менен(салык жана соц төлөмдөн сырткары ижара акысы гектарына 5000 сомдон)
3. Ижара акыларын 2018-жылдын 1-чейрегине чейин төлөө эскертилсин жана ижара акыларын өз мөөнөтүндө төлөбөгөн ижарачылардын жери аукционго коюлсун.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |