БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 31-октябры №7/5
Айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жер аянтарынын жер салыгынын коэфицентин көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин жана жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү укуктук актыларын жетекчиликке алып Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жер аянттарынын жер салыгынын коэфиценти 0,8 ден 1,0 гө көтөрүлсүн.
2. Айыл аймагындагы айыл чарба багытында эмес жер аянттарынын так эсебин алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |