БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 19-декабры № 8-2
Айыл аймагындагы үлүштүк жана кайрак жер жерлерден алынуучу жер салыгынын ченин көтөрүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ченин (ставкасын) көтөрүү боюнча “ Жарлыгын аткаруу максатында азыркы күндө айыл чарба жерлеринин балбанитеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иштердин жүргузүп жаткандыгын эске алып, Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги сегизинчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жана “Жер салыгынын базалык чендер жөнундөгү” укуктук актыларынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “ Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ченин (ставкасын ) 2-3 эсеге көтөрүү боюнча” Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ставкасы 2018-жылга 50 пайызга көтөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, өнөр жай, жер жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |