Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры №8-5
Айыл аймагындагы таза суу проектиси айыл өкмөтүнүн баланссасына алынган эмес. Ошондуктан ондоп түзөө иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилбейт. Борбаш айылында 76 суу чыгаруучу чорго болсо,анын ичинен 30 чоргосу жеке үйлөргө киргизилген, 23 чоргодон суу чыкпайт. Бел айылында 53 суу чоргосу болсо, 16 си жеке үйлөргө киргизилген.35 суу чоргосунан суу чыкпаган болсо азыркы учурда толугу менен эле чыкпай жатат. Суу кампалары насостору бузулгандыктан толук иштебейт. Айыл өкмөттүн эсебинде болбогондуктан,акча каражаттарын бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Калкты таза суу менен камсыз кылууну колго алуу максатында Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн айыл аймагындагы таза суу линиялары,суу топточу кампалары,суу чорголору убактылуу айыл өкмөттүн баланссасына алынсын.
2. Калкты таза суу менен камсыз кылууну жөнгө салуу үчүн ремонт иштерине тиешелүү акча каражаттарын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнүн башчысы Шамши уулу Мелисбекке жуктөлсүн.
3. Суу трубаларын өз алдынча тешип,уруксаты жок үйлөрүнө киргизип алган жарандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлсүн.
4. Таза суу линиялары жетпеген жерлерге суу жеткирүү боюнча демөөрчүлөр,эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |