Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 32- заседаниеси
2016-жылдын 22-сентябры № 32/1
Жарандардын эс алуусун жакшыртууда Гүлчө айылындагы парктардын, спорттук курулмалардын, дам алуучу жайлардын иштеши жана эс алууга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий,аялдар, жаштар, үй бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын эс алуусун жакшыртууда Гүлчө айылындагы парктардын, спорттук курулмалардын, дам алуучу жайлардын иштеши жана эс алууга түзүлгөн шарттардын абалы эске алынсын.
2. Жарандардын эс алуусун жакшыртууда Гүлчө айылындагы парктардын, спорттук курулмалардын, дам алуучу жайлардын талапка ылайык иштешин көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий,аялдар, жаштар, үй бүлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |