Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 32- заседаниеси
2016-жылдын 22-сентябры № 32/6
Гүлчө айылындагы борбордук мечитке Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук Алай-Гүлчө атындагы мечити деп коюу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүнүн жана Гүлчө борбордук мечитинин имамы Кадыров Тиллебайдын арызын угуп талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы борбордук мечиттин ачылып, түптөлүшүнө зор салым кошкондугун эске алуунун негизинде Гүлчө айылындагы борбордук мечит Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук Алай-Гүлчө атындагы мечити деп аталсын.
2. Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук Алай-Гүлчө атындагы мечитине тиешелүү иш кагаздарын тактап берүү Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер жана этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |